Кыргызстан 2024-жылы 8,6 миллиондон ашык чет элдик туристти кабыл алды

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 8,6 миллиондон ашык чет элдик туристти кабыл алып, бул көрсөткүч туризмден түшкөн кирешенин 20% га өсүшүн камсыз кылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган куттуктоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жаңы туристтик маршруттар ачылып, экотуризм объекттери активдүү өнүгүүдө. Кыргызстан дүйнөлүк туристтик рынокто өз брендин таанытууну күчөтүп, туризмди региондорду өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылуу багытында маанилүү драйверге айлантууда.

Бул жетишкендиктер өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана эл аралык аброюна кошумча дем берип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты