«Кыргызкөмүр» ишканасына техника тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кечин кенинде көмүр казып жаткан Кара-Кече филиалынын иши менен таанышты.

Мамлекет башчы көмүр кенинде иштей турган 50 HOWO жүк ташуучу унаасын жана 4 жүктөгүчтүн ачкычтарын Кара-Кечин филиалынын кызматкерлерине тапшырды.

Бул техниканы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы “Айыл банктан” лизинг менен алып берген.

Биринчи этапта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жалпы суммасы 245 573 250 сомду түзгөн жарым чиркегичтери менен 50 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу трактор жана 4 жүктөгүч алынган.

Күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу жана калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин керектүү көлөмдөгү катуу отун менен камсыз кылуу максатында өндүрүштү жылына 1 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты