«Кыргыздын Илон Маскы болуңуз». Азамат Жамангуловго депутаттардан каалоо-тилек
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жамангулов Азамат Саадатбекович санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана мурдагы кызматынан бошотулду.
Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо үчүн сунушталды.
Санариптик өнүгүү министрлиги эми санариптик өнүгүү министрлиги жана инновациялык технологиялар деп аталып, ага Азамат Жамангуловдун талапкерлиги сунушталды.
Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети Азамат Жамангуловдун талапкерлигин карады жана бекитти.
Буга чейин Азамат Жамангулов санариптик өнүгүү министри болуп иштеп келген.
Азамат Жамангуловго депутат Балбак Түлөбаев «кыргыздын Илон Маскы» болууну сунуштады.
Сүрөт: Азамат Жамангулов. Интернет булактарынан




