Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз туннель аныкталды (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинин алдынан өткөн туннель табылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 24-июнда аткезчиликке каршы ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде туннель табылган.
Атайын кызмат билдиргендей, бул туннелди эл керектөөчү товарларды жана курал, ок-дары, акча, маңзат ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонуп келишкен.
Үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталган. туннелдин эни 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метр болгон.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!