Кыргыз-өзбек чек арасы: Демаркация маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү

  • 2 месяца мурун

22-июлдан 27-июлга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркация маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.  

Маалыматка караганда, өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым участкаларында, ошондой эле Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарынын жанаша участкаларында талаа изилдөө иштери жүргүзүлдү.   

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында болору белгиленди.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты