“Кыргыз Петролиум компани” заводун модернизациялоого мезгил кутусу салынды

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты. 

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди.

“Кыргыз Петролеум компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана АИ 80 бензинин, дизель жана мазут өндүрөт. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн.

Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн.  “Кыргыз Петролеум компани” ЖАК  мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген. 

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөнүн бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгы 1,4 млн тоннаны түзөрүн атты. Бул завод көп жылдан бери Кыргызстандын жогорку сапаттагы бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгын толук канааттандыра албай келген. Тагыраак айтканда, муктаждыктын 6,5%ын гана камсыздай алган. Буга чейин АИ-80, дизел отуну, мазут өндүрүлүп келген. Мындан улам тышкы факторлорго көз карандылык күчөп, ага көп каражаттар жумшалып, көп өлчөмдөгү сапаттуу мунай өнүмдөрүн импорттоого мажбур элек. 

Нефть иштетүүчү заводду модернизациялоого жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 410 млн АКШ долларын түзөт. Анын 200 млн доллары тышкы инвестиция болсо, 110 млн долларын Министрлер кабинети каржылайт. Ал эми калган 100 млн долларын болсо “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен бөлөт. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты