Кыргыз-казак чек арасы:  “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында кезекте 500дөй унаанын турушу — сезондук көрүнүш

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 20-ноябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинин “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында 500дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.

Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 автоунаа чыккандыгы айтылды.

Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүгүш экендигин жана айыл чарба азыкттарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынын көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин белгиледи.

Жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынын кезексиз өткөрүлөт.    

Кыргызстандын чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу унааларга чектөө жок экендиги айтылды.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларынын бардыгы штаттык режимде иштеп жаткандыгы белгиленди.  

Иллюстрациялык сүрөт    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты