Кыргыз футболунун достук оюну өттү   

Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өттү.Футболдук турнирде 6 команда ойноду: президенттик администрациянын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин. Президенттик администрация командасында Президент Садыр Жапаров да ойноду.  

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Садыр Жапаров бүгүнкү турнирдин башкы максаттары кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле ардагерлердин оюну аркылуу жаштардын көңүлүн спортко буруу экенин белгиледи.

Оюндун аягы 2:2 эсеби менен аяктады. Президент Садыр Жапаров эки гол киргизди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты