Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды

  • 3 года мурун

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев бүгүн, 29-октябрда 86 жаш курагында дүйнө салды.

Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.

«Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.

Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын автору. «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер, аңгемелери боюнча башка студияларда да кыска метраждуу бир нече көркөм фильм тартылган.

Маркум «Седеп» фондунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз кино академиясынын президенти, Искусство институтунун профессору болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты