Курулуш министрлиги 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 1-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Мааракеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева, парламент депутаттары жана Өзбекстандын Курулуш министри Шерзод Хидоятов баштаган бир катар кадырлуу меймандар катышты.
Иш-чаранын алкагында тармактагы көп жылдык эмгеги үчүн министрликтин кызматкерлери Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин ардак грамоталары менен сыйланышты.
1925-жылы негизделген Курулуш министрлиги Кыргызстандын инфратүзүмүн түптөөдө жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп келет. 100 жылдык тарыхында тармак бир нече реформаларды башынан өткөрүп, заманбап курулуш технологияларын жана шаардык пландоонун жаңы ыкмаларын киргизе алды.
Акыркы үч жылда курулуш тармагы тездик менен өнүгүп, өлкө боюнча жүздөгөн социалдык жана стратегиялык объекттердин курулушу жүрүүдө.




