Курултай: Алайдан келген делегат Жапаров-Ташиев байланышына сын айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн Ош облусунун Алай районунан делегат Алмаз Жоробаев элдик курултайда президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин байланышын сындады.


-Эл арасында «биринчи жана экинчи адам» деген сөз пайда болгон. Биринчиси — сиз, экинчиси — Ташиев. Ишенбесеңиз туугандардан сураңыздар. Бул жерде «биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат» деген сөздөр чыгып жатат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл, анын ичинде мен дагы аябай жакшы көрөт элек. Бирок менин сүйүүм мурдагыга караганда кайтты. Болгон нерсени айталы, — деди делегат.

Бүгүн, 26-ноябрда, элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты