Биринчи элдик курултай ишин улантууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи элдик курултай ишин улантууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларында уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты