“Кумтөрдөн” тогуз айда 7 тонна 960 килограмм алтын алынды

  • 1 неделя мурун

2024-жылдын 9 айында “Кумтөрдөн”  өндүрүлгөн алтындын жалпы көлөмү 7 тонна 960 килограммды түзүп, коюлган пландан 81 килограммга көбүрөөк болду.

Бул тууралуу “Кумтөр голд компанинин” 9 айлык отчетунда белгиленди.   

Маалыматта айтылгандай, компаниянын жалпы кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, пландагы 463,4 миллион доллардан бир кыйла ашты. Ал эми таза киреше 216.6 миллион долларга жетип, коюлган пландагы 87,9 миллион доллардан бир топ жогору болду.

Мындан тышкары, салык жана башка төлөмдөр түрүндө өлкө бюджетине 10 млрд 37 млн сом төктү.

Мындан тышкары, Кумтөр кен жайынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери башталды. Ошону менен бирге Кумтөрдөгү жер алдынан алтын казуу долбооруна старт берилип, келечекте калдык сактоочу жайдан да алтын өндүрүү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты