Кудрет Тайчабаров туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчилигинен бошотулду

  • 20 часов мурун

Директор кеңешинин чечими менен Кудрет Тайчабаров туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчилигинен бошотулду. Анын ордуна Кылычбек Рысалиев дайындалганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты аталган мекеме ЖМКга тастыктады.

Кудрет Тайчабаровду бошотуу чечими 10-октябрда чыккан, маалымат эми белгилүү болду.  

Кудрет Тайчабаров туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп 2023-жылдын март айында дайындалган.

Ага чейин Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) директору кызматынан кеткенин жарыя кылган. Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык колдогону үчүн сөгүш берген.

Сүрөттө: Кудрет Тайчабаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты