Кремлдин саясатын колдогондор Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды каралаган материалды таратууда

3-мартта Жылдыза Кененбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу “Куралы жок бир өлкөнү кантип басып алса болот?” деген билдирүүнү бөлүшкөн. Анда Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар жана бейөкмөт уюмдар тууралуу сөз болуп, алар өлкө бүтүндүгүнө коркунуч жаратып жатканы айтылат. 

Кремлдин саясатын колдогондор Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды каралаган материалды таратууда

“ПолитКлиника” медиасы Орусиянын пропагандалык сайттары жарыялаган эски макаласы жана аны бөлүшкөн адамдарды анализдеп көрдү. 

Кремлдин пропагандасы жана “душман көрсөтүү” операциясы 

Кыргызстандагы көз карандысыз уюмдардын ишмердүүлүгү жана АКШнын каржылоосу тууралуу макала 2021-жылы 24-апрелде “Дело №” гезитинде жарык көргөн. (текст)

“Ок чыгарбай бир өлкөнү кантип басып алса болот?” деп аталган макалада АКШ Кыргызстандагы ЖМКларды каржылоо жана журналисттерди окутуу менен өлкөнү дестабилизация кылуучу “машина” даярдап жатканы айтылган. 

Материалды анализдеп көргөндө анда көптөгөн манипулятивдүү маалыматтар жана бир жактуу каралоолор камтылганын көрүүгө болот. 

1. Материалда АКШ тарабынан каржыланды деп айыпталган ЖМК жана журналисттер тууралуу сөз болуп, бирок бир да шилтеме берилген эмес. 

2. “Интерньюс”, “Сорос-Кыргызстан” уюмдары жана экс-президент Роза Отунбаева тарабынан колдоого алынган иликтөөчү журналистика багытындагы долбоорлор бир тараптуу караланган. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттер жыл сайын өлкөдөгү жүздөгөн коррупциялык жана кылмыштуу иштер тууралуу иликтөөлөрдү жарыялашат.

3. USAID, NED, “Сорос-Кыргызстан” уюмдарынын каржылык колдоолору тууралуу бир жактуу маалымат берилген. “ПолитКлиника” медиасы буга чейин да Орусиянын пропагандалык сайттары “Батыштын каржылоосу” деген ат менен калктын аң сезимин бурууга аракет кыла турганын айтып берген. 

4. Материалда Кыргызстандагы кээ бир ЖМКлардын максаты АКШнын өлкөдөгү таасирин күчөтүү менен Орусиянын таасирин азайтуу экени айтылган. Бул Кремлдин саясатын жүргүзгөн ЖМКлар колдонгон активдүү манипуляциянын элементи. Анткени мындай ЖМКлар Кыргызстанды дагы деле Орусиянын бир бөлүгү катары кароого үндөйт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык, Кыргызстан көз карандысыз жана өз саясатын өзү чечүүчү укуктук мамлекет. Эч бир мамлекет анын ичинде АКШ, Орусия, Кытай өлкөнүн саясатына кийлигишүүгө же таасир этүүгө укугу жок. Ал эми Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлар “Журналисттердин этикалык кодексине” ылайык, өлкөнүн бүтүндүгү жана эркиндигине туура келүүчү принциптер менен иштейт. 

5. Материалда журналист өз оюн таңуулап, Кыргызстандагы журналистиканы дискредитация кылууга аракеттенген. 

Factcheck.kg” сайты аталган материалды анализдеп чыгып көптөгөн манипуляциянын элементтери колдонулганын аныктаган. 

Белгилей кетсек, “Дело №” 2021-жылы 26-майда гезит түрүндө чыкпай турганын жарыялаган. “Дело №” гезити буга чейин да журналисттик этиканы бузганы үчүн байма-бай сынга кабылып келген. 

Politrus жана кызыкчылыктар 

“Дело №” гезитинде Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын бир жактуу каралаган макала чыккандан кийин аны 2021-жылы 27-апрелде Politrus сайты да  бөлүшкөн. 

Whois.reg.ru сайтындагы маалыматка ылайык, politrus.com сайты Орусиянын Волгоград шаарында каттоодон өткөн.

Кремлдин саясатын колдогондор Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды каралаган материалды таратууда

Негиздөөчүсү Виталий Арыков аттуу Орусиянын жараны. Жергиликтүү ЖМКларда Арыков “саясат таануучу” катары башка өлкөлөрдүн ички саясатына байланыштуу өз пикирин айтып келет.  Виталий Арыковдун Politrus.com сайтындагы “Баку жана Ереван Москвага толук ишенет”, “Армениянын премьери Пашинян батыштын айтканын жасоодо”, “Батыш Тоолуу Карабахта согуш баштоону каалап жатат”  деген өңдүү билдирүүлөрүнөн батышка каршы жана Орусиянын саясатын жайылтууну көздөгөн адам экенин көрүүгө болот. 

Ал эми politrus.com сайты акыркы убактарда Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерин актоо менен бирге көптөгөн пропогандалык материалдарды жарыялаган. 

Кыргызстандагы ЖМКлар жана ,ейөкмөт уюмдар тууралуу эски, пропогандалык маалыматты эки жылдан кийин бөлүшкөн Жылдыза Кененбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу да Орусиянын саясатын ачык колдой турганын көрүүгө болот.

Кремлдин саясатын колдогондор Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды каралаган материалды таратууда

Жылдыза Кененбаева Фейсбук баракчасында “юрист” экенин көрсөткөн. Бирок Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестринде Жылдыза (Жылдыз) Кененбаева аттуу юристти табуу мүмкүн болгон жок. Ошондой эле Юстиция министрлигинин сайтында Жылдыза Кенебаева аттуу жаранга тиешелүү юридикалык компания да катталган эмес. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда “батышчыл”, “АКШ каржылаган ЖМКлар” деген сыяктуу терс образ жаратуу аракети көбүнчө Орусияга баш ийген ЖМКлар аркылуу жүргүзүлөт. Алардын арасында “Вечерний Бишкек”, Stanradar сыяктуу медиалар бар экенин “ПолитКлиника” медиасы буга чейин бир канча ирет аныктап чыккан. 

Жыйынтык: Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды каралаган билдирүүлөрдү Орусиянын саясатын колдогон интернет колдонуучулары таратып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты