Красноярск аймагында мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынды

  • 1 месяц мурун

Орусиянын Красноярск аймагында жергиликтүү бийлик чет элдиктерге таксиде иштөөгө, ошондой эле атайын дүкөндөрдө тамеки  жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды.

Мыйзам иш берүүчүлөрдүн «даярдануусуна» мүмкүнчүлүк берүү үчүн 2025-жылдын 1-мартында күчүнө кирет.

Бул тууралуу облус жетекчиси Михаил Котюков кабарлады. Ал мындай чектөөлөр башка тармактарда да болорун четке каккан жок.

Буга чейин Томск облусу Орусиянын мигранттардын иштөө чөйрөсүнө чектөө киргизген 14-аймак болуп калган. Такси, соода, коомдук тамактануу, билим берүү, спорт, коопсуздук, мейманкана жана персоналды тандоо сыяктуу 20 тармакта иштөөгө тыюу салынган. Ушундай эле чектөөлөр Новосибирск, Магадан облустарында жана Камчаткада да киргизилген.

2023-жылдын октябрында Мамлекеттик Думага чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташууда бүт өлкө боюнча иштөөгө тыюу салуу сунуштаган мыйзам долбоору келип түшкөн.

Расмий версия боюнча “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты