Космонавт Салижан Шариповго Кыргызстандын паспорту тапшырылды
- 12 месяцев мурун
Космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту расмий түрдө тапшырылды. Тапшыруу аземи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өттү.
Касымалиев бул учурду «чоң сыймык» деп атап, Шариповду өлкөнүн сыймыгы экенин белгиледи: “Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз”, — деди ал.
Салижан Шарипов өз сөзүндө Кыргызстанга болгон терең байланышын баса белгилеп, Ата Мекенин сыймык менен эскерип жүрөрүн билдирди.
Муну бөлүшүү




