“Коррупцияга каршы элдик кызмат” коомдук бирикме төрагасы акча опузалап кармалды  

  • 1 год мурун

«Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. 100 миң сом опузалап алып жаткан жеринен кармалды.

Аны Бишкек шаардык прокуратурасы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге кармады.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.  

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган коомдук бирикменин төрагасы буга чейин 200 миң сом алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган кызматтын төрагасы- Улан Эрмекбаев.

Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты