Коронавирустун жаңы штаммына каршы жапырт эмдөө зарыл

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ДССУ өкүлү, Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова менен чукул жолугушуп, COVID-19дун  жаңы штаммы боюнча пикирлешти.  

Коронавирустун жаңы штаммы «omicron» деген ат менен катталды. Ал дүйнөдө коркунуч жарата баштады.  

ДССУ өкүлү Назира Артыкова Кыргызстандагы туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан, дартты кеңири жайылтпаш үчүн калкты эмдөө процессин тездетүү керек экендигин белгиледи. Себеби бул вирус тез жайылып кетүү коркунучун туудурат. Төраганын орун басары саламаттык сактоо министрлигине дарттын алдын алуу иштерин күчөтүп, жапырт эмдөөнү жайылтуу керектигин эскертти.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты