Бакыт Нурудинов президенттик администрациянын укуктук камсыз кылуу бөлүм башчысы болуп дайындалды

Нурудинов Бакыт президенттик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.  

Алмаз Айылчиев президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Алмаз Айылчиев юстиция министри болуп дайындалды. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты