Коопсуздук курун тагынбагандар эми камеранын көзөмөлүндө болот

  • 10 месяцев мурун

1-октябрдан тарта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында коюлган видео камералар коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Жолдорго орнотулган аппараттык-программалык комплекстерге коопсуздук курун тагынбай түшүп калгандар аныкталса, башка жол эрежелерин бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.

Коопсуздук курун колдонуу эрежесин бузгандар 1000 сом айыпка жыгылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты