Коюу тумандан улам аэропорттордо аба каттамдары кармалууда

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 6-декабрда коюу тумандан улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда аба каттамдары кармалып жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ишканасы билдирди.

«Калың тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда – Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул, Ташкентте каттамдар кармалууда»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ош эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу төмөндөгү каттамдар кармалып жаткандыгы айтылды:
Ош-Стамбул
Ош-Екатеринбург
Ош-Домодедово
ОШ-Шереметьево
Ош-Жуковский
Ош-Внуково
Ош-Кувейт, 2 рейс
Ош-Жидда
Ош-Бишкек бардык каттамдары кармалууда.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты