КММАнын академиялык ооруканасын түзүү пландалууда

  • 2 года мурун

Реформаларга ылайык, КММАнын академиялык ооруканасын түзүү пландаштырылууда.  

Анда илим, билим жана клиникалык практикага, ошондой эле финансылык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга негизделген көп компоненттүү инновацияны киргизүү аркылуу инновациялык “медициналык хаб” болот.

Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде, Президент Садыр Жапаров өткөргөн медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешмеде айтылды.

Мындан тышкары саламаттык сактоо министрлигине караштуу республикалык дартты аныктоо улуттук борборунда жаңы инновациялык технологияларды жана медициналык жабдууларды, дарылоо-дартты аныктоо процесси жана уюдун түзүмүнө ылайык электрондук медициналык маалымдоо тутумун киргизүү, көп талап кылынган дарылоо-дартты аныктоо кызматтарын уюштуруу, имараттарды заманбап дизайнда жана санитардык ченемдерге ылайык оңдоо пландалууда.

Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратына 500 млн сом, Республикалык улуттук диагностика борборуна 200-300 млн сомго жакын инвестиция тартыла турганы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты