ӨКМ: Жер титирөөдөн жабыркаган имараттар такталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусунда жер титирөөдөн жабыркаган имараттар жана үйлөр такталып жатканын билдирди.

Бүгүн, 5-августта, саат 21:00гө карата маалымат боюнча, жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынан 2 турак үй, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы Жапарбаев атындагы мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткен.

Жарандык коргонуу кызматтары жер титиреген аймактарда тактоо иштерин улантып жатканын кабарлады.

Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына ылайык, бүгүн, 5-августта саат 19:44тө Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты