ӨКМ: Шашылыш билдирүү: 5-7-апрелде туруксуз аба-ырайы күтүлөт

  • 2 года мурун

5-7–апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу арыктарды тазалоо, жээктерин бекемдөө жумушу жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан да жүргүзүлүшү зарыл.

ӨКМ жарандарга  коопсуздук эрежелерин эске алууну, турак-жайыңызды коргоо иш-чараларын жүргүзүүнү эскертет. Эгер кырсык болсо, “112” номерине байланышыңыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты