ӨКМ: Көл-Төр көлү коопсуз абалда
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Чүй облусунун Кегети тоосунда жайгашкан Көл-Төр көлүн изилдеп чыгышты. Бул иштер министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 12-июль күнү жүргүзүлгөнүн ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.
Изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана байкоо жүргүзүү департаментинин адистери менен Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган. Алар көлдүн көлөмүн, агып чыккан суунун ченемин жана марена дамбасынын туруктуулугун текшеришкен.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, Көл-Төр көлүнүн көлөмү климаттык нормаларга ылайык экени жана жырылып кетүү коркунучу жоктугу аныкталды. Ошентсе да, коопсуздукту камсыздоо максатында сифон ыкмасы менен көлдүн суусу бир аз азайтылган.
Муну бөлүшүү




