ӨКМ Базар-Коргон районунун кооптуу аймактарында жашагандар көчүрүлөрүн эскертти
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү жүрө турган аймактарда жашаган тургундарды алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчаларын таркатып, түшүндүрүшүүдө.
Алсак, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарыл экени эскертилди.
ӨКМдин айтымында, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү 1020 кооптуу тилке бар. Жыл сайын жаз, жай мезгилдеринде жаан-чачын көп катталып, кардын эришинен пайда болгон суулар жердин жаракаларына толуп, жер көчкүлөр активдеше баштайт.
Муну бөлүшүү




