ӨКМ айдоочуларды сак болууга чакырат. Жол кырсыгынан эки киши каза тапты

Бүгүн, 14-мартта, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында, Торкен айыл аймагында Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:46да Токтогул районунан куткаруучулар тартылып, тилсиз жоо саат 15:35де өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун нугунан чыгып кулаган, натыйжада өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен эки киши каза тапты. Учурда жарандардын тек-жайы такталууда.

ӨКМ эскертет:

Урматтуу айдоочу! Сапарга чыгууда төмөнкү эрежелерди так сактаңыз:

— жолго чыгууда унааңыздын техникалык абалына көңүл буруңуз;

— коопсуздук эрежелерине ылайык, тетиктерин оң абалда кармаңыз;

— газ менен жүрүүчү унаа менен күн ысыкта алыс чакырым жүрсөңүз, эрежелерди так сактаңыз;

— мас абалында, чарчап, уйкуңуз келип турганда, ошондой эле өзүңүздү начар сезип жатсаңыз унааны башкарбаңыз.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты