ӨКМ: Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 1 год мурун

Өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты