ӨКМ: Аба-ырайынын кескин төмөндөшү күтүлөт

  • 5 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскертти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-14-декабрда абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25 , түндүгүндө -23…-28, күндүз -12…-17 суук;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 суук;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 суук;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 суук;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19., -24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11 -16 суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24 , күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 суук;

— Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29…-34, күндүз -15…-20 суук болушу күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты