Кинематография департаментинин директору болуп Талантбек Төлөбеков дайындалды
- 1 неделя мурун
Талантбек Төлөбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды.
Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Улан Адамалиев аркалаган, ал өз арызынын негизинде бошотулган.
Талантбек Төлөбеков 1983-жылы 4-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Продюсер, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун жана кинопродюсерлер ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетин жана Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайды аяктаган.
2002-жылдан тартып маданият жана кино тармагында иштейт. «Ак илбирс» улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүсү жана координатору.
Продюсер катары «Үй сатылат», «Көл», «Мунабия», «Атанын керээзи» ж.б. тасмалардын үстүнөн иштеген.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан




