Кемпир-Абадды коргоо комитети Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады
- 2 года мурун
Абакта камалып жаткан Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Урматтуу депутаттар, Президент С.Жапаров башында турган аткаруу бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин токтотуу жана жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү эми силердин гана укугуңар жана милдетиңер. Бул — дүйнөдөгү бардык парламенттердин жаратылышы, практика жана мыйзам. Кемпир-Абадды элибизге кудай берген, жаратылыш белек кылган стратегиялык өзгөчө жерибиз жана суубуз. Тарыхтагыдай эле элибиздин менчигинде кана урпактарыбызга дагы, боордош өзбек туугандарыбызга дагы эбегейсиз көп пайда алып келет. Кыргыз жерине, кыргыз суусун сактап, ал сууну боордош элибиздин экономикасынын, айыл чарбасынын, фермерлеринин өнүгүүсү үчүн бекер берүүдөн артык урмат-сый болобу? Тилекке каршы, жогорку бийлигибиздин, Кемпир-Абад суу сактагычын курууда жана пайдаланууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген Өзбекстандан Кыргызстанга жерди (компенсация) элибизге алмашуу катары көргөзүп, алдоо, манипуляция, жашыруу аркылуу Кемпир-Абадды өткөрүп берип атканы, биздин, түрмөдө жатсак дагы зээнибизди кейитет, намысыбызга тиет, -деп айтылат кайрылууда.
Андан ары комитет мүчөлөрү депутаттарды Кемпир-Абад боюнча келишимди ратификациялоодон баш тартууну өтүнүштү.
-Кечээ, Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек ара келишимин үч окууда жактырды. Премьер-министр А.Арипов парламентте сүйлөп атып, өзбек бийлиги стратегиялык утушка ээ болгонун айтты. Кемпир-Абадды Өзбекстандын менчигине алуу албетте-стратегиялык утуш. Урматтуу депутаттар, өзгөчө Өзгөндөн, Кара-Суудан, Оштон жана Жалал-Абаддан шайланган депутаттар, элибиздин — жерибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаштуу болгон эмес! Кемпир-Абад талашсыз кыргыз жери, Өзгөндүн, Кара-Суунун, Оштун жери! Урматтуу депутаттар! Тарыхта, урпактарыбыздын алдында «кыргыз жеринин аймактык бүтүндүгүн бузуп, Кемпир-Абадды өткөрүп берген саткындар» деген оор атты өзүңөргө албагыла. Ратификация кылуудан баш тарткыла. Жерибиздин аймактык бүтүндүгү, элибиздин намысы, урпактарыбыздын келечеги силердин колуңарда, -деди комитет мүчөлөрү.
Түрмөдөгү Кемпир-Абадды коргоо комитети. Комитеттин талабын Равшан Жээнбеков жазып чыкты.
15-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.
Документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат — Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишкен. Жыйынга жети депутат катышып добуш берди. Адахан Мадумаров комитетте кворум болбогонун, мыйзам долбоору өтүш үчүн кеминде сегиз депутат жыйынга катышышы керектигин айтты. Тармактык комитеттин юридикалык бөлүмү баары мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.
3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 30га жакын саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.