Кемпир-Абад иши: Шаардык сотто отурум кайра башталат

  • 1 месяц мурун

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 6-августка белгиленди.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актаган.

Сүрөт: Кемпир-абадчылар райондук соттон акталып чыккандан кийин замандаштары менен. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты