Кеминдин Боролдой айылындагы спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 2 месяца мурун
Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылындагы спорт зал мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
“2000-жылы спорт зал райондук билим берүү бөлүмүнүн эсебинде турган кошумча мектептин бир бөлүгү болгон. Аталган мектеп жабылгандан кийин жооптуу адамдар жеке кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктуралык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган мыйзамдарын бузуп, аталган объектини жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп беришкен” деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында менчик ээси мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын балансына 1500 м2 жана чектеш 2 га аянты менен объектти өткөрүп берди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы