“Келечек” базарынын соодагерлерине жаңы орундар бөлүштүрүлүүдө

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө курулган “Жибек жолу” жаңы базарынан “Келечек” соода борборунун 150дөн ашык соодагери жаңы соода орундарын алышты. Калган соодагерлерге орундар тизмеге ылайык, кезек менен бөлүштүрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Патенти бар жана Салык кызматында каттоодон өткөн жалпы 382 соодагердин тизмеси салык кызматы менен “Келечек” базарынын администрациясы тарабынан такталган.

Буга чейин “Келечек” базарынын көчүрүлүшүнө байланыштуу аталган базарда соода кылган ондогон сатуучулар нааразычылыгын билдирип, бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев соодагерлер менен жолугушуп, базар 31-июлдан тартып сөзсүз түрдө көчүрүлөрүн так билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты