Казакстанда «терроризм» жана «башаламандыкка» шектелип 464 киши камалды

  • 3 года мурун

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон 819 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу 22-январдагы брифингде өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчи орун басары Елдос Килымжанов билдирди.

Анын айтымында, 45 иш «террордук актылар» боюнча тергелип жатса (өлкө бийлиги буга чейин «эл аралык террористтик топтордун кол салуулары» болгонун билдирген), 36 иш «массалык башаламандык», 15и адам өлтүрүү боюнча тергелүүдө. Мындан тышкары каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча да кылмыш иштери ачылган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иштерине шектелип жалпысынан 970 киши кармалган. Алардын көпчүлүгү — 464ү «терроризм» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча, 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40ка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган. Килымжанов бул сандар акыркы көрсөткүч эмес экенин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Соттор камактагы 29 адамга камакта калтыруу баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты. Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин «камакка негиз жок болгондуктан» 96 адам убактылуу кармоочу жайлардан чыгарылган.

Буга чейин укук коргоочулар камактагылардын тагдыры тууралуу маалымат жоктугуна тынчсызданып, казак бийлигин колдо болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого чакырышкан.

«22-январда Башкы прокуратура тергөө абагына киргизилгендердин арасында денесинен жаракат алган 73 адам табылганын кабарлады. Алардын ичинен үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү, азыр алар камакта эмес», — деди Килымжанов.

13-январда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда өзгөчө абал жарыяланды. 5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилди.

6-январга караган түнү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. ОДКБ уюмунун аскерлери Казакстанга киргизилген.

Атайын кызмат 10-январга карата Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы аныкталганын, музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты