Казакстанда абитуриент билим берүү министрлигин сотко берди (Видео)

Мектепти быйыл аяктаган Алматынын тургуну Медина Майсар Казакстандын билим берүү министрлигин сотко берди.

Ал мекемени ыйгарым укуктарынан аша чабууга жана ЖОЖдорго студенттерди кабыл алуу эрежелерин бузууга айыптап, министр Саясат Нурбектин отставкасын талап кылууда.

Медина быйылкы тестирлөөдө мүмкүн болгон 140 баллдан 119 балл алып, бирок «Укук» адистиги боюнча бюджеттик бөлүмгө өтпөй калган. Буга министрлик орундардын 20% селден жабыркаган аймактардан келген абитуриенттерге бөлүп бергени себеп болгон.

«Бул квотаны мыйзамдуу түрдө беките турган нормативдик-укуктук актылар жок. Квота азыр билим берүү министри Саясат Нурбектин сөздөрүндө гана бар. Ал өзү ойлоп таап гана айтып койду. Ошонун негизинде министрлик миңдеген бюджеттик орундарды ачык сынакта утуп чыккан абитуриенттерден тартып алып, башкаларга бөлүштүрүп берди» деди Медина.

Өлкөнүн билим берүү министри Саясат Нурбек мекеменин чечимин мыйзамдуу деп эсептейт.

«Селден жабыркаган аймактардан келген балдарга окууга тапшырууда жардам беришибиз керек болчу. Жогорку балл алып, бирок бюджеттик бөлүмдөргө өтпөй калган абитуриенттердин 70% — мамлекет үчүн анча приоритеттүү болбогон адистиктерге тапшырышкан. Алар тапшырган адистиктер үчүн бюджеттик орундар аз бөлүнгөн» деди министр.

Сотто Мединанын кызыкчылыгын коргоого даяр экенин билдирген алматылык адвокат Халида Ажигулованын айтымында, бүгүнкү күндө Майсардын бул арызына бюджеттик орундарга өтпөй калган 200дөн ашык абитуриент кошулууга даяр.

«Министрлик өзүнө мыйзам чыгаруучу органдын функцияларын алып алган. Бизде парламент гана мыйзам кабыл алуу укугуна ээ. Квоталар мыйзамдын негизинде гана бекитилиши керек» деди адвокат.

Медина министрликтин мыйзамсыз аракеттеринен улам бюджетке өтпөй калган жүздөгөн абитуриенттин конституциялык укуктарын коргоо өтүнүчү менен өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты