Катуу шамалдын кесепетинен үйлөр, бир катар объекттер жабыркады
- 2 месяца мурун
Кечээги катуу шамалдын кесепетинен бир катар үйлөр, объекттер жабыркады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат берди.
21-февраль, 19:35ке карата мындай маалымат жарыя болду:
-Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарындагы катуу шамалдан 16 турак үй, 5 көп кабаттуу үй, 5 мектеп, 2 ишкана, 2 бала-бакча, айыл аймагынын имараты, кароолчунун үйү, 6 сарай, бастырма, турак үйдүн дубалы, 2 унаа, электр мамыча, бак дарактар жабыркаган.
Буга чейин Гидрометеорология кызматы Бишкек жана Чүй аймагында 15–20 метр/секундга жеткен катуу шамал болору тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




