Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.

Маалыматта айтылгандай, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптуу кызыкчылык баса белгиленди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты