Касмамбетов Европарламенттин Кыргызстанда сөз эркиндигинин бузулушу боюнча резолюциясы тууралуу пикирин айтты     

  • 10 месяцев мурун

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Европарламенттин Кыргызстандагы сөз эркиндигинин бузулушу, адам укугу жана ЖМКга кысым тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине 15-июлда берген интервьюсунда пикирин билдирди. «…тынчсызданууга эч кандай негиз жок. «Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди» деп Европарламентке алып чыккандардын артында саясий кызыкчылыгы бар адамдар турушат» деди Касмамбетов.

-Кыргыз деген улут өзгөчө улут экенин европалыктар дагы деле жакшы биле элек экен. Кыргыздар миңдеген жылдардан бери адам укугу, сөз эркиндиги дегенди эң бийик орунга коюп келген жана мындан ары дагы кое берет. Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди деген күндүн эртеси төңкөрүш болот. Муну октон, оттон коркпогон кыргыз эли үч жолу далилдеди. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Ошондуктан тынсызданууга эч кандай негиз жок. «Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди» деп Европарламентке алып чыккандардын артында саясий кызыкчылыгы бар адамдар турушат. Азыр көчөгө чыксаң, соц түйүндөрдү карасаң элдин баары эркин сүйлөп атканын көрүүгө болот. Айрымдары президентти ашатып сөгүп атканын көрөсүң. Ушунун өзү эле сөз эркиндиги эмей эмне? Башка эч бир өлкөдө социалдык тармактар аркылуу президентин сөккөнүн көргөн жокмун, -деди мамлекеттик катчы Касмамбетов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде.

13-июлда Европарламент Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине басым боюнча резолюция кабыл алды. Аны 469 депутаттын 320 сы колдоду.

Резолюциянын текстинде  “2022-жылдын январь айынан тартып. Адам укугу жана сөз эркиндигинин абалы начарлап” кеткени белгиленди.

Европарламент кыргыз бийлигин Кыргызстандагы төрт мыйзам долбоорун – “ЖМК тууралуу”, “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу”, “Чет элдик тыңчы тууралуу”, “Зыяндуу маалымат” тууралуу мыйзам долбоорлорун чакырып алууга үндөдү. Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына тескери таасир этери айтылды.  

Резолюцияда “Азаттык Медиасынын” ишмердүүлүгүн токтотууга болгон аракеттер, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши, иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, Орусияга депортация болуп кетишине кабатырлануу айтылды жана Темировдун жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырды.

 Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Европарламенттин “Кыргызстандын ЖМКсына кысым жана сөз эркиндиги боюнча  резолюциясы күтүүсүз жана шашылыш кабыл алынып, өлкөнүн абалына чындыкка дал келбеген деген кабатырлануусун билдирди.

Ал эми Европароаменттин резолюциясында Кемпир-Абад маселеси боюнча Касмамбетов буларга токтолду

-Европарламенттин биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенге:  таптакыр акысы жок. Мен көрдүм. Германиянын депутаттары өтө активдүүлүгүн көргөзүп атышты. Андай болсо Германияда деле 20дан ашык адамды төңкөрүш уюштурушмак экен деп бир заматта камап салышты го. Эмнеге аларды айтышпайт? Же Германияга камаса боло берет, Кыргызстан камаса болбойбу? Экөө бирдей эле иш. Эч айырмасы жок. Бул деген сөз Германия тынч болуш керек, Кыргызстанда тополоң болуп туруш керек деген Европарламенттин арам ой саясаты деп түшүнсөк болот.

Кемпир-Абад туура эмес чечилип жаткан болсо элдин баары жапырт көчөгө чыкмак. Туура чечилип жатканын көргөн көпчүлүк эл колдоп турушту. Албетте ушул учурду пайдаланып кетели деген күчтөр аракет кылышты. Бирок эл колдобой койду. Өздөрү камалып кетишти. Эми соттун чечимин күтүшүбүз керек. Балким акталып кетишет, ким билет,-деди Касмамбетов.

Европарламент резолюцияда ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча айыптоолорду, тактап айтканда. Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Асия Сасыкбаевага карата айыптоолорду алып салууга чакырды.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын сот жараяны 20-июлга белгиленди. Буга ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болду. Бул тууралуу кармалгандардын жактоочулары билдирди.

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталган. Ишти Биринчи Май райондук соту 26-июндан тартып жабык карай баштаган.

7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырган кайрылуу жолдоду.

Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөттө: Европарламент жыйыны. AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты