ТИМ Европарламенттин Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым боюнча резолюциясына кабатырланганын билдирди

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Европарламенттин “Кыргызстандын ЖМКсына кысым жана сөз эркиндиги боюнча  резолюциясы күтүүсүз жана шашылыш кабыл алынып, өлкөнүн абалына чындыкка дал келбеген деген кабатырлануусун билдирди.   

КР тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясынын демилгечилери Кыргызстандан тактап, кошумча маалымат суралбаганына өкүнүчүн келтирди.

 “Объективдүү эмес, бир жактуу баа берилген, үстүртөн даярдалган резолюция өлкөгө жана Кыргыз Республикасында жарандардын негизги укуктары менен эркиндиктерине негизделген демократияны колдоо чараларына каршы басым деп бааланат. Резолюциянын авторлору балким атайын эле “Азаттык Медианын»  тегерегиндеги сот чечимдерин эске албай калды, ал эми саналып өткөн мыйзам долбоорлору талкууланып гана жатканы» белгиленди.

Резолюциянын башка пункттарында да объективдүү баа берилбегени белгиленди.   

Жакынкы арада Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин делегациясынын Кыргызстанга келиши пландалып жатканы жана анда бул суроолорго жооп аларына ишеничин билдирди.

Сөз эркиндиги жана адам укуктары Кыргызстанда негизги артыкчылыктуу багыт экендиги белгиленди.

13-июлда Европарламент Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине басым боюнча резолюция кабыл алды. Аны 469 депутаттын 320 сы колдоду.

Резолюциянын текстинде  “2022-жылдын январь айынан тартып. Адам укугу жана сөз эркиндигинин абалы начарлап” кеткени белгиленди.

Европарламент кыргыз бийлигин Кыргызстандагы төрт мыйзам долбоорун — “ЖМК тууралуу”, “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу”, «Чет элдик тыңчы тууралуу», “Зыяндуу маалымат” тууралуу мыйзам долбоорлорун чакырып алууга үндөдү. Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына тескери таасир этери айтылды.  

Резолюцияда “Азаттык Медиасынын” ишин токтотууга болгон аракеттер, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши, иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, Орусияга депортация болуп кетишине кабатырлануу айтылды жана Темировдун жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырды.   

Резодюцияда ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча айыптоолорду, тактап айтканда. Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Асия Сасыкбаевага карата айыптоолорду алып салууга чакырды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты