Европарламентте Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укугу жана ЖМКга кысым маселеси талкууланды
- 1 год мурун
13-июлда Европарламент Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине басым боюнча резолюция кабыл алды. Аны 469 депутаттын 320 сы колдоду.
Резолюциянын текстинде “2022-жылдын январь айынан тартып. Адам укугу жана сөз эркиндигинин абалы начарлап” кеткени белгиленди.
Европарламент кыргыз бийлигин Кыргызстандагы төрт мыйзам долбоорун — “ЖМК тууралуу”, “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу”, «Чет элдик тыңчы тууралуу», “Зыяндуу маалымат” тууралуу мыйзам долбоорлорун чакырып алууга үндөдү. Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына тескери таасир этери айтылды.
Резолюцияда “Азаттык Медиасынын” ишмердүүлүгүн токтотууга болгон аракеттер, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши, иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, Орусияга депортация болуп кетишине кабатырлануу айтылды жана Темировдун жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырды.
Резодюцияда ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча айыптоолорду, тактап айтканда. Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Асия Сасыкбаевага карата айыптоолорду алып салууга чакырды.
Европарламентте 12-июлда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон кысым тууралуу маселе көтөрүлдү
Европарламенттин пленардык жыйынында 12-июлда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон кысым тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда 2022-жылдын январь айынан тартып Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленди.
Петрас Ауштревичюс, Европарламенттин Литвадан шайланган депутаты, “Европаны жаңылоо” тобу:
“Демократиялык стандарттардын жана адам укуктарынын начарлашы менен Кыргызстандын саясий айдыңы олку-солку бойдон калууда. Өкмөттүн эркин медианы жана сынчыл көз караштагыларды көзөмөлдөө, таасир этүү, акыры алардын оозун басуу дымагы барган сайын репрессивдүү жолго түштү.
Биз чукулунан кыргыз бийлигин кармалган укук коргоочуларды, журналисттерди жана медиа кызматкерлерин бошотууга жана эркин медиа менен сөз эркиндигин кысымга алууну токтотууга чакырабыз.
Мындай аракеттер Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдебейт. Биз Европа комиссиясын ВСП+ (Жалпы жеңилдиктер системасы) берген соода жеңилдиктерин баалоо маалында Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу кырдаалды көңүлгө алууга үндөйбүз. Кыргыз бийлигине эл аралык милдеттемелерин эскертүү керек.”
Европарламенттин депутаты Катарина Рот пленардык жыйында кайрылуу жасады. Ал блогер Айжан Мырсанга президентти сындаганы үчүн ири көлөмдө айып пул салганы, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаевдин шаар бийлигинин коррупциясын сындаганы үчүн айыпка жыгылганы, Кой-Таш окуясы боюнча төрт жылдан бери болуп келе жаткан сот иштерин белгилеп, социал-демократтар партиясына офисине кирүүгө, техникасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө, банк эсептерин ачууга үндөдү.
Европарламент депутаттары ошондой эле Болот Темировдун депортациясы жана адам укугунун бузулушу тууралуу маселелерди көтөрдү.
Айрыкча “Азаттыктын” бөгөттөлүшү тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бурулду.
Йиржи Поспишил, Европанын элдик партиясынын мүчөсү, чехиялык депутат:
“Кыргызстандагы кырдаалды карап отуруу жеңил эмес. Абал начарлап баратат. Президент жана бийликтеги күчтөр тарабынан көп басым көрсөтүлүп жатат. Анын бир мисалы “Азаттык” радиосуна көрсөтүлгөн кысым. Бул радионун банк эсеби жана веб-сайты бөгөттөлдү. Күчүнө кирбесе да, сот бул радио бардык ишмердигин токтотушу керек деген чечимди кабыл алды.
Эркин медиага каршы мындай аракеттер келишкис нерсе. Кеп медиа жөнүндө гана болуп жаткан жок. Сөз адам укуктарын коргогон активисттерге каршы көрүлгөн ар кыл аракеттер жөнүндө да жүрүп жатат. Биздин өнөктөштөрдүн мындай кадамга барышы кабыл алынгыс экенин биз так айтышыбыз керек”.
Укук коргоочу Камил Рузиевдин маселеси тууралуу да сөз болду.
Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстан боюнча мындай резолюция кабыл алуу сунушталды:
“Европарламент Кыргызстан боюнча мурдагы резолюцияны эске алып, 1991-жылдан бери, өлкө эгемендик алгандан бери Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демокрратиялуу мамлекет катары эсептелет, активдүү жарандык коому жана эркин ЖМКсы бар.
Бирок Кыргызстанда адам укугунун абалы 2022-жылдын январь айынан баштап, тынчсыздангыдай начарлоодо, өлкөдөгү басма сөздүн эркиндигинин индекси 50 позицияга төмөндөп, 180 өлкө ичинен 122-ге түштү, ошол эле кезде бир катар мыйзамдар эркин ЖМКны жана сөз эркиндигин басымга алууга колдонулууда, ”Азаттык” радиосу бөгөттөлүп, Kaktus.media сурак алдында болду, иликтөөчү-журналист Болот Темиров Орусияга депортацияланды, Next TV директору Таалайбек Дүйшенбиев Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушу үчүн адилетсиз камакта отуруп чыкты.
Ушулардын баарын эске алып, Кыргызстандын өкмөтүн Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууда белгиленген ЖМК эркин болушун, эркин ой-пикир айтууга, учурда каралып жаткан төрт мыйзам долбоорун — ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун, “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун, Терс маалыматтан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну, кармалган укук коргоочуларды, ЖМК кызматкерлерин жана журналисттерди бошотуп, Болот Темировдон жана Таалайбек Дүйшенбиевден бардык айыптарды алып, Кемпир-Абад иши боюнча, анын ичинде, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаеваны ж.б. бошотууга чакыраары айтылат.
Бул боюнча 13-июлда Европарламент резолюция кабыл алды.
Сүрөттө: Европарламент жыйыны. AFP.