“Каркыра” тоо-эс алуу комплекси курулууда
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-апрелде “Каркыра” тоо — эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
«Каркыра” тоо — эс алуу комплексинин курулушу — аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Биз курулушту өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул албетте бүткүл лыжа кластеринин келечегине инвестиция» деп белгиледи МинКаб төрагасы.
Ошондой эле учурда Ысык-Көл облусунда заманбап туристтик кластерди түзүү боюнча масштабдуу долбоордун үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Сүрөттөр: gov.kg
Муну бөлүшүү




