Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, кошуна жайгашкан бала бакчадан 87 бала эвакуацияланды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 19-июнда, саат 16:06да Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Ак-Өргө” көчөсүндө турак жайдан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен кошуна жайгашкан турак үйдүн чатыры жана менчик балак бакчанын ашканасы жабыр тартты. Балдар бакчасындагы 87 бала өз убагында эвакуация болуп, жабыркаган жок.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:09да Кара-Суу районунан бир бөлүм, кошумча саат 15:15те жана 15:21де эки бөлүм, жалпы үч бөлүм тартылганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөр кырдаалды көзөмөлгө алып, өрт чыккан үйдөн газ баллонун өз убагында алып чыгып, андан ары жарылууну болтурбоого жетишти.

Өрттүн кесепетинен кошуна жайгашкан турак үйдүн чатыры жана жеке менчик бала бакчанын ашканасы зыян тартты. Өрт учурунда бала бакчада болгон 87 бала өз убагында эвакуацияланып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты