Кара-Суу районунда жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы маалымдалды

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди, жер тилкелерин аныктоо жана менчикке кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында жер тилкеси жана андагы курулмалар кайтарылганын билдирди.

«2014-жылы Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылынын аймагында жайгашкан, мурда «Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативи» айыл чарба кооперативине таандык жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга айрым кызмат адамдары көмөк көрсөткөнү аныкталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды» деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты