Кара-Суу районунда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
- 3 недели мурун
Кара-Суу районунда жайгашкан жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
Ош облусунун Кайра-Суу районунда жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон жер тилкеси кайтарылып алынды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталганы айтылды. Кеп болуп жаткан жер «Айыл чарба жерлери» катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган, бул «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




