Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департамент директору ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) дарегине А.Г.Н. аттуу жаран Ош облусунун Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директоруна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, ал 11 700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган жана Ош облусунун аймагында жеке турак-жай үчүн жер тилкесин берүүнү убада кылгандыгы айтылган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө К.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишенимге кирип, алдоо жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
УКМК кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен козголгон кылмыш иштин алкагында Кара-Суу РИИБ менен бирге иликтеп, Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору К.У.Б. кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.үТергөө жүрүп жатканы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




