Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин ачылышы күтүлүүдө

  • 2 месяца мурун

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул мааракелик датанын республика үчүн өзгөчө маанисин баса белгиледи. 

“Быйыл биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул тарыхый учур, биз тарыхка таазим кылабыз. Быйыл өлкөдө 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө, анын ичинде Чүй облусунда цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор. Жалпысынан долбоорлор 10 млн доллардан 500 млн долларга чейин. Июнь айында инвесторлор менен жолугушуу пландалууда, биз Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабын баштайлы деп жатабыз” деди ал.  

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чаранын планынын концепциясы бекитилди. 

Мааракелик иш-чаралардын алкагында 30дан ашык иш-чара пландаштырылган, анын ичинде мааракелик төш белги, тыйын, почта маркаларын чыгаруу, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө маданий иш-чараларды өткөрүү, китеп басып чыгаруу, тарыхый тасма жана театралдык спектаклдерди коюу, форум, көргөзмө, фестиваль, илимий-билим берүү конференция жана симпозиумдарды өткөрүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты