Кара-Кече көмүр кени тарапта жер көчкү жүрдү
- 2 years мурун
Алдын ала маалымат боюнча, Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн, 3-ноябрда, саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын экскаваторун басып калган. Айдоочусу жабыркаган эмес, ошол учурда ал унаада жок болгон.
Кырсык катталган жерде райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү