Кара-Көлдө коркутууга кабылган акушер-гинекологдун окуясын милиция териштирет

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасында иштеген эркек акушер-гинеколог жергиликтүү тургундар тарабынан коркутууга кабылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Кара-Көл шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абдулбакы Ырысбековдун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген дарыгер-ординатор, акушер-гинеколог Жамгырбек Шүкүрбек уулун жергиликтүү жети-сегиз жаран коркутууга алган. Алар акушер-гинеколог аял гана дарыгер болуш керек деп, догдур ишин улантса башка кадамдарга барышарын эскерткен.

«Алар сен эркек кишисиң, аял кишини тике карабашың керек, колун кармабашың керек, акушер-гинеколог катары дарылабашың керек дептир. Сен зына кылып жатасың, кетсең-кеттиң, кетпесең чара көрөбүз дептир. Мындай учурда шарият боюнча ташбараң кылыш керек деген сөздөрдү дагы айткан», — деди башкы дарыгер Абдулбакы Ырысбеков.

Башкы дарыгердин айтуусунда, окуядан кийин Жамгырбек Шүкүрбек уулу ишин котормой болгон. Эгер дарыгер кетип калса, төрөт үйүндө акушер-гинекологдун таңкыстыгы пайда болот.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы дарыгер арыз менен кайрылганын, териштирүү иши башталганын билдирди.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы беш эркек акушер-гинеколог иштейт. Ал дарыгерлер акушер-гинеколог гана эмес, операциялык бөлүмдөрдө дагы кызмат кылат.

Буга чейин Сузак районунда да эркек гинекологдун иштөөсүнө каршы болгон учур катталып, түшүндүрүү ишинин алкагында маселе жолго коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты